«Бул чындап эле деңгээл»: орусиялык блогер Таластын өзгөргөнүн жогору бааладыКыргызстанда бир эле учурда 61 өнөр жай ишканасы ишке киргизилдиЖалал-Абад облусунда 57 млн тонна көмүр кору бар кен ачылдыБишкекте бир катар уурулуктарга шектүүлөр кармалды — жети учур аныкталдыБекешев: Акчаңызды эч ким көбөйтүп бербейт — алар аны тартып алууну гана көздөшөтОкуу 15-сентябрдан башталат: Бишкек мэриясы окуучулардын ата-энелерине кайрылды
Чүй: Аңчылыкка барган мергенчилердин бири кар көчкүнүн астында калды
04.03.2022 | 09:06
Кемин районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу Жел-Арык коктусуна аң уулоого чыккан үч аңчынын бирөөсүн жок болуп жаткандыгы тууралу маалымат түшкөн. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка караганда, жерине 5 куткаруучу барган. Куткаруучулар жеткенде коктуда болжол менен 3000 м3 кар көчкүсү түшкөндүгү аныкталган.
Издөө иштерин жүргүзүшүп саат 17:45те көчкүнун астынан 49 жаштагы Б. Р. эркек кишинин сөөгү табылган.
Каза болгон жарандын денеси райондук ички иштер кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар