Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо дайындалды

Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо дайындалды

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районундагы Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу,  Конституциянын 70-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктун, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 5-бөлүгүн, 48-беренесинин 1-бөлүгүн жетекчиликке алып, токтом кыланат:

— Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо 2022-жылдын 9-октябрына, жекшембиге дайындалсын.

— Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жогоруда аталган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.

Министрлер кабинети:

– шайлоону өткөрүү үчүн Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгымдарынын сметасына ылайык зарыл финансылык каражаттарды бөлүү;

– шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо боюнча чараларды көрүү;

– добуш берүү жана шайлоочуларды идентификациялоо үчүн жабдуулардын коопсуз сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү;

– маалыматтык системалардын киберкоопсуздугун камсыз кылууда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына көмөк көрсөтүү.

Мындан тышкары, Баткен облусунун Кадамжай районунун жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө шайлоочулардын тизмелерин калыптандыруу, тактоо жана түзүү, уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди чечүү боюнча Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жана тийиштүү шайлоо комиссиясынын ишине көмөк көрсөтүү.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысы жогоруда аталган кеңештин документтеринин, материалдарынын, ошондой эле материалдык-техникалык баалуулуктарынын сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: шайлоо

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>