Дастан Бекешев: Орунтаев менен мэр Бишкекти маскаралап бүтүштүЯндекс Кыргызстан экономикага кошкон салымы үчүн Экономика министрлигинин сыйлыгын алдыИИМ мектеп окуу китептерин сатуу боюнча кылмыш иши козголгонсун тастыктадыКыргызстан АКШдан 10 магистралдык жүк ташуучу локомотив сатып алатКараколдун мэри Иманов — Ширшовдун фондунун миллиарддары, туризм жана сындар тууралууЭрлист Акунбеков Пекиндеги форумда транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүнүн төрт багытын сунуштады
Депутат курултай өткөрүү үчүн бюджеттен акча бөлбөөнү сунуштады
10.05.2023 | 16:00
Бүгүн, 10-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эмил Токтошев курултайларды өткөрүүгө бюджеттен каражат бөлбөөнү сунуштады.
Анын айтымында, курултайларды эки жылда бир өткөрүү керек.
“Мыйзам долбоорунда курултайдын делегаттары элдин маданиятын өстүрөт деп жазылган. Ал эми маданият министри эмне кылат? Экономикалык долбоорлорду кабыл алабыз деп жазышкан. Алар муну кантип жасашат? Андыктан ыйгарым укуктарын дагы бир жолу карап, эки жылда бир эле чогулгудай ченем киргизүү кажет”, – деди депутат.
Ал эми депутат Тазабек Икрамов Курултайдын мүчөлөрү жылына бир жолу эле чогулуп, көйгөйлөрдү көтөрүп, сунуштары менен бөлүшүп турушу керектигин, кайра-кайра жыйын өткөрүүгө зарылчылык жок экенин айтты.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом