Мал ууруларга жазаны күчөтүү сунушу биринчи окууда колдоо тапты

Мал ууруларга жазаны күчөтүү сунушу биринчи окууда колдоо тапты

Бүгүн, 14-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кылмыш-жаза чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Мыйзам долбоор бир катар депутаттар тарабынан демилгеленген.

Демилгечилердин бири Мейкинбек Абдалиев мыйзам долбоору республикада, анын ичинде айрыкча, айыл жерлеринде мал уурдоо кылмыштарын болтурбоо же азайтуу максатында демилгеленип жатканын белгиледи. Кылмыш-жаза кодексинде жана Укук бузуулар жөнүндө кодексинде мал уурдоо кылмышы үчүн жоопкерчиликтин белгилениши, бул түрдөгү кылмыштарды азайтууга шарт түзөт.

Кылмыш-жаза кодексинин ченемдерине ылайык, ири өлчөмдөгү зыян келтирүү менен уурулук жасоо, башкача айтканда 10 миң сомдон ашкан кылмыштар үчүн (Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси) кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуучу жосун катары квалификацияланат, ал эми анча чоң эмес зыян келтирген жосун (10 миң сомго чейин) Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык (271-273-беренелеринде каралган) жоопкерчиликке тартылат.

Кылмыш жаза кодексинин 205-беренесинин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн уурулук жосунун өзгөчө ири өлчөмдө, уюшкан топ тарабынан жана кылмыштуу коомдоштуктун курамында жасалган учурда күнөөлүү (айыпкер) адамдардын мүлкүн конфискациялоо жоопкерчилиги каралган.

Талкууда депутат Исхак Масалиев белгилегендей, Министрлер кабинети мыйзам долбооруна 14 жаштан баштап мал уурулук кылгандар үчүн кылмыш жоопкерчилиги жөнүндө жобону киргизүүнү сунуштап жатат.

«Бул кабыл алынгыс», — деп кошумчалады депутат Исхак Масалиев.

Депутат Эмил Жамгырчиев айып пулдун көлөмүн аныктоо жагынан мыйзам долбоорунун бир катар беренелерине көңүл бурду.

Соңунда мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>