Жалал-Абадда чек арачыларга турак үйдүн ачкычтары тапшырылды (сүрөт)

Жалал-Абадда чек арачыларга турак үйдүн ачкычтары тапшырылды (сүрөт)

Бүгүн, 14-июнда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абадда чек арачылар үчүн курулган жаңы турак үйдүн ачкычтарын тапшырды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, турай үй эки кабаттуу болуп салынган. Анда 20 батир бар.

«Бул турак жайда чек арачылар үй-бүлөлөрү менен жашайт. Балдар ойноочу аянтча, спорт залы, футбол аянтчасы жана башка тийиштүү шарттардын баары каралган. Ачылуу аземине чек ара кызматкерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана күч түзүмдөрүнун жергиликтүү башкармалыктарынын башчылары катышты», — деп айтылат маалыматта.

УКМКдан билдиришкендей, иш-чарада Камчыбек Ташиев сөз сүйлөп, мамлекет жетекчилиги тарабынан кыргыз армиясы үчүн, анын ичинде чек ара кызматын күчтөндүрүү, заманбап курал-жарак, аскердик техникалар менен камсыз кылуу, аскерлердин кызматтык жана жашоо шартын жакшыртуу багытында аткарылып жаткан жумуштар тууралуу кыскача айтып өткөн.

«Мындан ары да Кыргызстандын ар тараптуу коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык тийиштүү аракеттерди көрүү улантыларын баса белгиледи. Ал ошондой эле шарттарды түзүү менен аскер кызматкерлерине талаптар да күчөтүлгөнүн, өлкө чек арасынын бүтүндүгүн камсыз кылууда ар бир аскер кызматкери коюлган талаптарды так аткарууга милдеттүү экенин эскертти», — деп билдирет УКМК.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>