Мамимараттардын ижарасынан түшкөн каражат табылбай жатат

Мамимараттардын ижарасынан түшкөн каражат табылбай жатат

Мамлекеттик жана муниципалдык имараттардын ижараларынан түшкөн каражаттардын 70 пайыз акчанын кайда кеткени белгисиз. Бүгүн ушул каражатты Жогорку Кеңештин тармактык комитетинен талкууга айланды.

Мамлекеттик мүлк фондусунун жетекчиси Мирлан Бакиров мамлекеттик жана муниципалдык имараттардан түшкөн каражаттардын 70 пайызы мекемелердин өздөрүнө көп жылдан бери берилбей келе жатканын шардана кылды.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Бейшеналы Нурдинов “70 пайыз акча эмне себептен берилбей жатат? Ал акча каякта, бир жерде турушу керек да” – деп такыды.
Ага Финансы министринин орун басары Руслан Татиков “билбей жатам азыр” деп жооп кайтарды.

Буга ачууланган депутат “мыйзамда имараттар кайсы мекемеге таандык болсо, ошол мекемеге ижара акысынын 70 пайызы түшөт деп турат. Эмнеге бул мыйзам аткарылбай жатат”- деп зекиди.

Бакиров ижарага берилип жатканда дароо эле мекемеге канча бир бөлүгү дароо түшкөндөй механизмдерин ойлоп жатышканын айтты.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>