Бекешев: Спикер Талант Мамытов отставкага кетиши керек

Бекешев: Спикер Талант Мамытов отставкага кетиши керек

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов отставкага кетиши керек. Мындай пикирин эл өкүлү Дастан Бекешев Телеграм каналына жазды.

Бекешев спикердин үгүт иштерине депутаттыкка талапкер катары катышуусун административдик ресурсту колдонуу катары кароого болорун белгиледи.

«Президентти жана ЖК депутаттарын шайлоо боюнча Конституциялык мыйзамда депутаттар менен президент кызматтарынан кетпейт деп так жазылган, спикер өзүнчө кызмат. Бул административдик ресурс катары каралышы мүмкүн. Мен анын спикер бойдон калуусуна таптакыр каршы эмесмин, бирок бул мыйзам, антпесе алардын партиясы алынып салынышы мүмкүн. Муну алар түшүнүшү керек», — деди Дастан Бекешев.

Спикер Талант Мамытов парламенттик шайлоого «Ынтымак» партиясынан талапкер болууда.

Белгилей кетсек, парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт, ал эми үгүт иштери 29-октябрда башталат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>