«Мамкызматка орноштурам» деп алдамчылык кылган 2 шектүү кармалды

«Мамкызматка орноштурам» деп алдамчылык кылган 2 шектүү кармалды

Бишкекте мамлекеттик кызматка жумушка орноштурам деп акча алып, алдамчылык кылууга шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, быйыл 3-августта милицияга шаар тургуну кайрылган. Ал арызында билдиргендей, былтыр май айында чала тааныш адамдар мамлекеттик кызматка орноштурам деп 5 миң доллар алып, алдап кеткен.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Милиция шектүү катары 68 жаштагы Т.А. аттуу эркек киши жана 49 жаштагы Д.Б. аттуу аял киши кармалган. Алар райондук милициянын тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Андан кийин аларга карата сот тарабынан камакка алуу бөгөт чарасы тандалган.

Милиция шектүүлөрдүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан жарандар болсо 0(703) 333 201 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>