Мамлекеттик имаратты мыйзамсыз ижарага берүү аныкталды

Мамлекеттик имаратты мыйзамсыз ижарага берүү аныкталды

Мамлекеттик имаратты мыйзамсыз ижарага берүүдөн бюджетке ири көлөмдө зыян келтирген жагдай аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдирди.

Маалыматка караганда, Ош шаардык прокуратурасы тарабынан мамлекеттик мүлктөрдү мыйзамсыз ижарага берилгендиги аныкталып, аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголду.

Текшерүүдө, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун Ош, Баткен областтары жана Ош шаары боюнча өкүлчүлүгүнүн кызмат адамдары жана “Кыргызкөмүр” Мамлекеттик ишканасынын Ош шаарындагы бөлүмүнүн кызмат адамдары аталган мекемеге караштуу мамлекеттик имаратты аукциондон өткөрүүдөн качып, мамлекетке түшө турган пайданы атайын азайтып, жеке жактардын атынан жасалма келишимдерди түзүп, өздөрүнө пайда табуу максатында “А.Т.” жеке мектебине, жеке жана юридикалык жактарга ижарага беришип, мамлекетке 1 млн 964 миң 373,71 сомдук ири өлчөмдө зыян келтирилгендиги аныкталган.

Бүгүнкү күндө тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>