Мамлекеттик катчы Алтайда Манаска эстелик орнотууну сунуштады

26.09.2026 | 18:43
Мамлекеттик катчы Алтайда Манаска эстелик орнотууну сунуштады — Новости Кыргызстана

Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев Алтайда эпикалык баатыр Манаска эстелик орнотууну сунуштады. Мындай демилгени ал «Жогорку Алтай — түрк элдеринин түпкү мекени» аттуу III эл аралык илимий-практикалык конференцияда көтөрдү.

Койчиевдин айтымында, Алтай түрк элдеринин тарыхында өзгөчө орунду ээлейт жана кыргыз элинин тарыхын Улуу Алтайдын тарыхынан бөлүп кароого болбойт.

Мамлекеттик катчы тарыхый байланыштарды археология, антропология, этнография, лингвистика, фольклористика жана палеогенетика тармактарындагы изилдөөлөрдү бириктирүү менен комплекстүү изилдөө зарыл деп эсептейт.

Койчиев өз сөзүндө «Манас» эпосуна өзгөчө токтолду. Ал эпосту кыргыз элинин тарыхый эс тутумунун, руханий дүйнөсүнүн жана дүйнө таанымынын улуу мурасы деп атап, «Манастагы» Алтайга байланышкан мотивдерди, ошондой эле анын Саян-Алтай элдеринин эпикалык салттары менен окшоштуктарын тереңирээк изилдөөгө чакырды.

Ушуга байланыштуу мамлекеттик катчы Алтайда Манаска эстелик орнотуу демилгесин көтөрдү.

Мындан тышкары, Кыргызстан Казакстан, Алтай, Сибирь, Кавказ, Кичи Азия жана Борбор Азиядагы илимий борборлор менен кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар. Биргелешкен археологиялык экспедицияларды өткөрүү, тарыхый булактарды санариптештирүү, музейлердин кызматташуусун күчөтүү жана жаш окумуштуулар үчүн биргелешкен илимий программаларды ишке ашыруу пландалууда.

Теги: Алтай
Scroll to Top