Казандан Кабулга чейин жөө: тревел-блогер адамдардын боорукердиги жана Кыргызстан тууралууАкжол Махмудов Азия оюндарында коло медаль уттуАзия оюндары: балбан Жоломан Шаршенбеков алтын медаль уттуСадыр Жапаров Илон Масктын SpaceX компаниясынын Калифорниядагы өндүрүштүк комплексине бардыБишкектин Жукеев-Пудовкин көчөсүндө 3-октябрда унаа кыймылы убактылуу чектелетКыргызстанда мамлекеттик органдардын ички аудитин күчөтүү сунушталууда
Мамлекеттик компаниялардан бюджетке 21,4 млрд сом дивиденд түштү
06.01.2025 | 09:20
Былтыр мамлекеттик компаниялардан бюджетке дивиденд катары 21 млрд 376,4 млн сом түштү. Бул тууралуу “Акчабар” каржы порталы түздү.
2020-жыл менен салыштырганда былтыр мамлекеттик компаниялардан түшкөн дивиденд 10 эсе өскөн. Төрт жыл мурда ал 2 млрд 176 млн сом болгон.
Акчанын көбүн беш акционердик коом алып келген. Маселен «Кыргызалтын» ААКсынан 11 млрд 385 млн, «Айыл Банктан» 5,4 млрд сом жана «Элдик Банктан» 2,5 млрд сом, “Манас” эл аралык аэропортунан 1 млрд 13 млн сом жана «Кыргызнефтегаздан» 620,8 млн сом түшкөн. Калган жарым миллиард сомго жакын акча башка компаниялардан түшкөн.