Орусияда кыргызстандык аскерлердин катышуусунда ЖККУнун машыгуулары аяктадыКыргызстанга миграциялык агым 2025-жылы 15,4 миң адамга жеттиКыргызстанда өлүмдүн көрсөткүчү беш жылда 14%га төмөндөдүФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду майда үч мүлктү сатыкка коюуну пландоодо
15.04.2022 | 13:24
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду май айында үч объектти аукционго коюуну пландаштырууда. Бул тууралуу фонддун төрагасы Мирлан Бакиров билдирди.
Анын айтымында, менчиктештирүү программасына кирген 20 объектинин ичинен мамлекеттик үлүшү бар төрт компанияны баалоо аяктады.
«Бул Евразия сактык банкы, «Кепилдик фонду» ААКнын 14 пайыз мамлекеттик үлүшү, «Керемет Банк» ААК жана «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын 0,7 пайыз акциясы. Бирок акыркы учурда баалоо процесси менчиктештирүү үчүн эмес, укуктук статусун акционердик коомго өзгөртүү боюнча жүргүзүлгөн», – дейт Мирлан Бакиров.
Мирлан Бакиров учурда мамлекеттин үлүшү менен дагы жети компанияны баалоо процесси жүрүп жатканын кошумчалады.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат