Ысык-Көлдө кайрадан «Салбуурун» фестивалы өттүШвециялык Йонас Андерссон Ысык-Көлдө өткөн суудагы «Формула-1» жарышынын квалификациясында жеңишке жетти«Аэро Номад» 3-августтан тарта Бишкек–Үрүмчү багыты боюнча түз аба каттамдарын ачат2-августка карата аба ырайы: +39°C чейин ысык болуп, жаан-чачын күтүлбөйтСаламаттык сактоо министрлиги санариптик сервистерди өнүктүрүүнү тапшырдыКыргызстандын мурдагы башкы прокурору Камбаралы Конгантиев дүйнөдөн кайтты
Мамлекеттик мүлктү менчикке сатууга аракет кылган кызмат адамдары аныкталды
19.03.2025 | 10:51
Таласта мамлекеттик кызматкерлер мамлекетке тиешелүү имарат менен жерди жеке менчикке сатууга аракет кылышкан. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Бакай-Ата райондук соттук аткаруучулар кызматынын, «Талас балык чарбасы» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери жана башка мамлекеттик органдардын кызмат адамдары баасы 162 млн 106,5 миң сомдук имаратты жана ага тиешелүү 104,5 гектар жер тилкесин жеке менчикке болгону 2 млн 380 миң 729 сомго сатууга аракет кылышкандыктары аныкталган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) менен кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар