Кыргызстандын куралдуу күчтөрү Орусияда өтүп жаткан «Вызов» мелдешине катышуудаМайрам күндөрү Бишкектеги Калкты тейлөө борборлору иштебейтСоода борборлорунун жана базарлардын жабылышына байланыштуу ишкерлерге ижара акысы боюнча жеңилдиктер берилбейт — Бишкек шаарынын мэриАжылык – 2027 сапарына каттоо башталды. Кантип катталса болот?Манас шаарындагы «Акылман» лицейи сентябрь айында ачылатЧүй облусунун таштандыларын кайра иштетүү үчүн Бишкекке ташуу сунушталууда
Мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору кабыл алынды
20.12.2023 | 10:18
Жогорку Кеңеш мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун үч окууда кабыл алды. Аны 59 депутат колдоп, бешөө гана каршы добуш берди.
“Бул өзгөрүү эмес, оңдоо. Мамлекеттик тууну оңдогон парламент катары легендарлуу чакырылыш болуп калышыңыздар ыктымал”, – деди төрага Нурлан Шакиев.
Долбоордун авторлору — Нурланбек Шакиев менен Улан Примов, бирок президент Садыр Жапаров Элдик курултайда депутаттарга желекти өзгөртүү тапшырмасын бергенин ачыктады.
Туунун авторлору өзгөрбөйт. Төрага Нурланбек Шакиевдин айтымында, 150дөй мекеме үчүн жаңы туу жасалат. Аны президент өз чөнтөгүнөн төлөмөкчү.
Азыркы желекти өзгөртүүсүз калтыруу боюнча change.org сайтына жарыяланган кол топтоону 6 миңден ашык адам колдоду.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом