«Манас» аэропортунда аэробекеттин жаңыланган бөлүгү ачылып, кирип-чыгуу тартиби өзгөрдү

14.05.2026 | 09:46

«Манас» эл аралык аэропортунда аэробекеттин реконструкциядан өткөн жаңы бөлүгү ишке берилди. «Кыргызстан аэропорттору» буга байланыштуу жүргүнчүлөр үчүн кирип-чыгуу схемасы өзгөртүлгөнүн билдирди.

Маалыматка ылайык, мурдагы кирүүчү эшик жабылып, жаңы кирүү жана чыгуу пункттары комплекстин батыш тарабында жайгаштырылды. Жаңы терминалда күтүү залдары, каттоо зоналары, жаңыланган стерилдүү зона жана учуп келүү зонасы ачылды. Ошол эле учурда имараттын эски бөлүгү реконструкциялоо үчүн жабылды.

Аэробекетти жаңылоо аэропорттун инфраструктурасын жаңылоо жана авиация тармагын өнүктүрүү программасынын алкагында ишке ашырылууда.

Жаңыланган комплекс аэропорттун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана жүргүнчүлөрдү тейлөө сапатын жакшыртууга багытталган. Бул чаралар Кыргызстандын аймактагы авиациялык түйүн катары ордун бекемдөө максатын көздөйт.

Scroll to Top