Бишкектин Асаналиев көчөсүндөгү темир жол өтмөгүндө унаа кыймылы чектелетЭкинчи ата-эненин макулдугусуз. Балдардын чет өлкөгө чыгуусу жеңилдетилиши мүмкүнБишкекте Чүй проспектисинин оңдолгон бөлүгү ачылдыБишкекте жети өлкөнүн компаниялары катышкан эл аралык өнөр жай көргөзмөлөрү өтөтСанитардык талаптарга жооп бербейт: Өзгөн районундагы мал союучу жай жабылдыКыйылган бир дарактын ордуна бешөө. ЖКда бак-дарактарды коргоонун жолун сунушташты
Сергей Шойгу Бишкекте өтүүчү ШКУ өлкөлөрүнүн Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жолугушуусуна катышат
14.05.2026 | 09:48
Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Сергей Шойгу ШКУга мүчө өлкөлөрдүн Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын 21-жолугушуусуна катышуу үчүн Бишкекке келди.
Катышуучулар терроризмге жана экстремизмге, курал-жарак менен баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө, адам сатууга жана кылмыштуулуктун башка түрлөрүнө каршы күрөшүүдө ШКУ өлкөлөрүнүн кызматташтыгын жана өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүү маселелерин талкуулашат деп күтүлүүдө. Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Сергей Шойгу эл аралык коопсуздук чөйрөсүндөгү кырдаалга баа берип, сөз сүйлөйт.
Мындан тышкары, жыйында ШКУнун Башкы катчысы жана уюмдун Аймактык антитеррордук түзүмүнүн (РАТТ) Аткаруу комитетинин директору баяндама жасайт.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат