Шакиранын Бишкектеги концерту: 18-октябрда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйтУнаанын номерин кайра тариздөө кызматы эми «Түндүк» тиркемесинде жеткиликтүүЖККУ Ирандагы кырдаалга байланыштуу Борбор Азиядагы энергетикалык объектилерди коргоону күчөтүүгө чакырдыЧүй облустук театры Талас шаарына гастроль менен барат17-октябрга карата Кыргызстандагы аба ырайынын божомолуСадыр Жапаров COP17 саммитинде Ысык-Көлдү коргоо боюнча трасттык фонд түзүүнү сунуштады
Манас шаарындагы массалык мушташтын 22 катышуучусу колго түштү
24.11.2025 | 11:30
19-ноябрга караган түнү Манас шаарындагы «Спутник» кичирайонунда массалык мушташ болду. Видеокадрларда эки топтогу жигиттер бири-бирине кыйкырып, таш ыргытып жатканы көрүнөт. Ак түстөгү унаа ылдам айдап келип, мушташтын бир катышуучусун коюп кетет, андан кийин кайра бурулуп, карама-каршы багытка айдап тағы бирөөнү коюп кеткен. Милициядын маалыматы боюнча, мушташтан кийин 22 жаштагы Э.Б. реанимацияга түшкөн.
Милиция кызматкерлери УКМК менен биргеликте мушташка катышкан 22 адамдын өздүгүн тактап, алардын баарын кармашты. Баары Убактылуу кармоочу жайга киргизилип, ал эми 22 жаштагы Э.Б. ооруканада дарылануудан чыккандан кийин жоопко тартылат. Териштирүү иштери улантылууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар