«Манас» театры унаалуу, манасчылар батирлүү болду

«Манас» театры унаалуу, манасчылар батирлүү болду

Кыргыз улуттук «Манас» театры алгачкы жолу музыкалык аспаптардын коштоосунда «Айкөлдүн аманаты» аталышындагы драмалык спектаклин чоң сахнага алып чыкты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Спектакль 4-декабрь «Манас» эпосунун күнүнө карата Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында көрүүчүлөргө сунушталды.

Спектакль Кыргызстандын Эл артисти, белгилүү манасчы, драматург жана төкмө акын Табылды Актановго таандык.

Иш- чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият министри Алтынбек Максутов, Жогорку Кеңештин депутаттары, белгилүү коомдук-маданий ишмерлер жана кеңири коомчулук катышты.

Алгач көрүүчүлөргө «Айкөлдүн аманаты» спекткли сунушталып, андан соң расмий катышуучуларга сөз берилди.

«Анда бүгүнкү күндөгү «Манас» эпосунун орду жана ролу, мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан камкордуктар, театрда эмгектенген артисттердин аталган спектаклди чоң сахнага алып алып чыгуу иштери, ошондой эле, «Манас» эпосунун улуттун уңгусу катары даңазаланышы, дүйнө элинде мындай ири көлөмдүү эпостун жоктугу, анын күнүмдүк турмуштагы мааниси тууралуу сөздөр айтылды. Ошондой эле, мамлекет тарабынан «Манас» эпосун сактоо жана даңазалоо боюнча атайын жарлыктын чыгышы, «Манас» улуттук театрынын негизделиши, имаратка ээ болушу, республикалык бюджеттен атайын айлык акы төлөнүп, мындай сейрек кездешүүчү өнөр ээлерине болгон мамиленин узгүлтүксүз уланышы жана Кыргызстанда «Манас» эпосуна болгон астейдил мамиле баса белгиленди», — деп айтылат маалыматта.

Андан соң, өнөр адамдарына Жогорку Кеңештин жана Маданият министрлигинин ведомстолук сыйлыктары жана меценат Нургалы Асаналиев тарабынан бир катар манасчыларга 2 бөлмөлүү үйдүн документтери тапшырылды.

Иш-чаранын аягында «Манас» театрына «Түрксой» эл аралык уюму тарабынан жеңил автоунаа тапшырылды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>