Манаслуну багындырган кыргыз альпинисттер өлкөгө кайтып келди

Манаслуну багындырган кыргыз альпинисттер өлкөгө кайтып келди

Гималайдагы Манаслу чокусун багындырган кыргызстандык альминисттер өлкөгө кайтып келди. Бул «Манас» аэропортунан билдиришти.

Альпинисттерди салтанаттуу түрдө алардын жакындары, туугандары, коомчулуктун жана Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын өкүлдөрү тосуп алган.

Манаслу чокусуна чыккан экспедициянын курамына 5 адам кирген – Эдуард Кубатов, Андрей Ерохин, Асел Байбагышева, Илим Карыпбеков жана Азизбек Оморкулов.

Эскерте кетсек, 1-октябрда Кыргызстандын биринчи улуттук экспедициясы Гималайдагы бийиктиги 8 миң 156 метр болгон Манаслу чокусун багындырган. Алар чокуга Кыргызстандын туусун жана «Манас» эпосун көтөрүп чыгышкан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>