Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Алексей Ширшов менен иштешкем, – энергетика министрине талапкер Ибраев
06.10.2022 | 16:25
Бүгүн, 6-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар 4 ведомствонун министрлерине талапкерлерди кароодо. Аларды сунуштоо үчүн парламентке министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев келген.
Жыйында депутат Дастан Бекешев энергетика министри кызматына талапкер Таалайбек Ибраевге “Сиз Алексей Ширшов менен иштешкенсизби?” деген суроо узатты.
Талапкер өз кезегинде: “Мен эмгек жолумду Турдакун Усубалиев учурунда эле баштагам. Алексей Ширшов менен иштешкем”, – деп жооп берди.
“Дастан” ишканасынын мурдагы жетекчиси Алексей Ширшов энергетикадагы коррупциянын көмүскө схемасын түзгөн деп айыпталып кармалган. Кийинчерээк ал үй камагына чыгарылган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар