Кыргызстандын дагы бир грек-рим балбаны Эрлан Манатбеков Иорданиядагы Азия чемпионатынын коло байгеси үчүн күрөшөт.
Манатбеков 130 кг салмакта күч сынашууда.
Кыргызстандык спортчу беттешти 1/8 финалдан баштап, биринчи кармашында ирандык Фардин Шабан Хедаятиге жеңилген. Бирок ирандык балбан финалга өткөндүктөн, Манатбеков көңүл жубатуучу беттешке чыгып, коло үчүн ат салышууга мүмкүндүк алды.
Көңүл жубатуучу беттеште Манатбеков кытайлык балбанды жеңип, үчүнчү орун үчүн күрөшмөй болду.
Эскерте кетсек, буга чейин 77 кг салмакта Ырыскелди Максатбек уулу коло үчүн күрөшө турган болгон.
Белгилей кетсек, бүгүн, 25-мартта башталган күрөш боюнча Азия чемпионатына 30-мартта аяктайт. Мелдештин биринчи жана экинчи күнүндө грек-рим балбандарынын таймаштары өтөт.