КР коргоо министринин мурдагы орун басары Бишкектин кырсыктарга даяр эместигин эскерттиҮй-бүлөлүк зомбулуктун 68%га өсүшү: Кыргызстанда жаңы чаралар сунушталуудаӨзбекстан Самарканд тууралуу жарыяланган посттор үчүн Ирандын элчисине нааразылык нотасын тапшырдыКатуу үн чыгарган унааларды пайдаланууга тыюу салуу сунушталуудаБаткенде аскер комиссариатынын кызматкери пара талап кылууга шектелип кармалдыСыймык Жапыкеев кыргыз тили боюнча тестти экинчи аракетинде тапшырды
Марлен Маматалиев кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады
27.05.2026 | 11:43
Төрага өз кайрылуусунда Курман айт адамзаттын руханий баалуулуктарын даңазалаган өзгөчө майрам экенин белгилеп, бул күндөрү бири-бирине колдоо көрсөтүү, муктаждарга жардам берүү жана жакшылык кылуу маанилүү экенине токтолду.
Ошондой эле ал кыргыз элинин байыртан бери ынтымакты, сабырдуулукту жана адамгерчиликти бийик коюп келгенин айтып, бүгүнкү күндө өлкөдөгү тынчтык менен коомдогу биримдик эң чоң байлык экенин белгиледи.
Марлен Маматалиев ар бир үй-бүлөгө бакубат жашоо, кут-береке жана токчулук каалап, айт күндөрүндөгү бардык жакшы тилек-тилөөлөр кабыл болушун тиледи.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Жогорку Кенеш