Кесиптик жактан чарчоо жана жумуштагы тынчсыздануу: Кыргызстандын компаниялары бул тууралуу кандай ойдо?

Кесиптик чөйрөдө менталдык ден соолук маселеси акырындап жабык тема болуудан калууда. Бүгүнкү күндө эмгек жамааттарынын ичинде жумуштагы чарчоо, тынчсыздануу жана психологиялык туруктуулук маселелери бат-баттан талкууланып жатат. Жумуш издегендер үчүн да, жумуш берүүчүлөр үчүн да эмоционалдык коопсуздук маанилүү факторго айланып барат. Бирок Кыргызстандын эмгек рыногу менталдык ден соолук тууралуу ачык сүйлөшүүгө канчалык даяр?
Headhunter.kg платформасы Gedeon Richter Kazakhstan компаниясы менен биргеликте 100дөн ашык жумуш берүүчү жана 150дөн ашуун жумуш издеген жарандын арасында сурамжылоо жүргүзүп, масштабдуу изилдөө жүргүздү. Жыйынтыктар көрсөткөндөй, эки тарап тең диалогго даяр болгону менен аларда дагы деле коркунучтар жана шектенүүлөр бар.
Жумуш берүүчүлөрдүн көз карашы
Сурамжылоого ар кандай масштабдагы компаниялар катышты: чакан бизнестен (42%) тартып, миңден ашуун кызматкери бар ири корпорацияларга (11%) чейин. Алар негизинен тейлөө, IT, чекене соода (ритейл), медицина жана билим берүү тармактарынын өкүлдөрү.
Изилдөөнүн негизги позитивдүү жыйынтыгы мындай: жумуш берүүчүлөрдүн 85%ы менталдык өзгөчөлүктөрү бар кызматкерлерге колдоо көрсөтө турган чөйрө түзүлсө, алар натыйжалуу иштей алат деп эсептешет.
Ошол эле учурда, компаниялардын 17%ы гана мындай кызматкерлер менен иштөө боюнча тажрыйбасы бар экенин билдиришкен. Дагы 39%ы ушундай жагдайларга туш болгонун, бирок алардын диагноздору расмий тастыкталган эместигин билдиришти.
Бирок компаниялар кызматкерди жумушка алууга келгенде этият болушат:
- Тобокелдиктер: Жумуш берүүчүлөр психологиялык кризистен чыккан талапкерлерди жумушка алууда эң оболу алардын абалынын туруксуздугунан (57%), кесиптештери менен тил табышуудагы кыйынчылыктардан (46%) жана жамаатка кошумча жүк түшөрүнөн (37%) кооптонушат.
- Чечимдер: Эгерде ылайыктуу талапкер өзүнүн менталдык оорусу тууралуу ачык айтса, жумуш берүүчүлөрдүн 63%ы аны “кошумча шарттар менен гана” кароого даяр. Мындай адамды “эч ойлонбостон” кабыл алууга компаниялардын 13%ы гана макул болсо, 24%ы жумушка алуудан баш тартууну туура көрөт.
- Ресоциализация (коомго кайра аралашуу): Компаниялардын дээрлик жарымы (47%) узак мөөнөттүү дарылануудан же ресоциализациядан кийин жумушка кайтып келген талапкерлерди жарым-жартылай кароого даяр экендигин билдиришкен.
Жумуш издегендердин көз карашы
Кызматкерлер тараптан алганда абал бир топ көйгөйлүү. Сурамжылоого катышкан жумуш издегендердин дээрлик жарымы (42%) өздөрүнүн учурдагы эмоционалдык абалын “туруксуз” деп баалашкан. Төрттөн бир бөлүгү гана (25%) өздөрүн аздыр-көптүр туруктуу сезишет.
Жумуштагы чарчоо жана тынчсыздануу — кыргызстандыктарда көп байкалган көрүнүш. Респонденттердин 42%ы мындай абалды мезгил-мезгили менен башынан өткөрсө, 18%ы дайыма стресс менен жашайт.
Буга карабастан, жумуш издегендер өз көйгөйлөрүн жетекчилиги менен бөлүшүүгө шашылышпайт:
- Сурамжылоого катышкандардын 44%ы жумуш берүүчүгө өзүнүн менталдык абалы жөнүндө ачык айтууга даяр эмес.
- Оор мезгилден кийин жумушка кайтып келүүдөгү негизги тоскоолдуктар катары адамдар өзүнө болгон ишенимсиздикти (34%) жана жумуш берүүчү терс мамиле кылат деген коркунучту (29%) аташат.
Кызматкерлердин өзүн жакшы сезип, натыйжалуу иштөөсүнө эмне жардам бере алат?
Сурамжылоого катышкандар төрт негизги факторду белгилешкен:
- Кесиптештердин колдоо көрсөтүүсү (36%).
- Кесипкөй психологиялык жардам алуу мүмкүнчүлүгү (29%).
- Абалды түшүнгөн жетекчи (27%).
- Ийкемдүү жумуш графиги (27%).
Кызыгы, жумуш издегендер эмгек рыногунун лоялдуулугун реалдуулукка караганда жакшыраак баалашат. Алардын жарымынан көбү (52%) жумуш берүүчүлөр психологиялык калыбына келүүдөн кийин кызматкерлерди кабыл алууга даяр деп ишенет.
Изилдөөнүн жыйынтыктары көрсөткөндөй, аймактагы башка өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстандын эмгек рыногу менталдык ден соолук темасына бир кыйла ачык мамиле жасоодо. Жетекчилердин көпчүлүгү психологиялык ыңгайлуулук бизнестин жыйынтыктарына түздөн-түз таасир этерин түшүнүп калышты.
Ошентсе да, коомдогу стереотиптер толугу менен жоюла элек. Жумуш берүүчүлөр дагы деле кызматкердин менталдык көйгөйлөрү бүтүндөй жамааттын ишинин натыйжалуулугуна сокку урат деп коркушат. Ал эми жумушчулар өздөрү ички тоскоолдуктардан жана четке кагылып калуу коркунучунан жапа чегип келишет. Унчукпай коюудан ачык корпоративдик диалогго өтүү жараяны эми гана башталууда.