Тажрыйба алмашуу жана кадрларды даярдоо: КР Саламаттык сактоо министри Москвадагы Блохин атындагы онкоборбордо болду

27.05.2026 | 11:51
КР Саламаттык сактоо министри Москвадагы Блохин атындагы онкоборбордо болду

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Россияга болгон жумушчу сапарынын алкагында Н.Н. Блохин атындагы Улуттук медициналык онкология изилдөө борборуна барды. Бул — онкологиялык оорулар менен күрөшүүдө дүйнөлүк алдыңкы стандарттар колдонулган Россия Федерациясынын эң ири тармактык мекемелеринин бири.

Сапардын жүрүшүндө министр жогорку технологиялык жардам көрсөтүү ыкмалары, анын ичинде заманбап хирургия, нур жана дары-дармек терапиясы менен таанышты. Диагностиканын инновациялык технологияларына жана ракты эрте аныктоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду, анткени бул Кыргызстанда өлүм-житим көрсөткүчүн азайтуу боюнча артыкчылыктуу багыт болуп саналат.

Тараптар медициналык кадрларды даярдоо жаатында кызматташтыкты кеңейтүүнү макулдашты. Аталган борбордун базасында кыргызстандык онкологдордун квалификациясын жогорулатуу жана эксперттик колдоо көрсөтүү боюнча алдын ала келишимдерге жетишилди. Россия тарап республиканын онкологиялык кызматынын ишин өркүндөтүү үчүн өз тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр экенин билдирди.

Scroll to Top