Маршруттук линиянын ээлерине кылмыш ишин ачуу сунушталды

Маршруттук линиянын ээлерине кылмыш ишин ачуу сунушталды

Бүгүн, 27-сентябрда парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Тазабек Икрамов былтыр жол кирени көтөрүүнү талап кылып ишке чыкпай, митинг өткөргөн айдоочулар менен маршруттук линиянын ээлерине кылмыш ишин козгоону сунуштады.

Анын айтымында, былтыр кичи автобустардын айдоочулары иш таштап, каттамга чыкпай койгондо, шаар тургундары жумушка жөө барып, кыйынчылык тарткан.

«Кичи автобустар каттамга чыкпай коюп, канча бала мектепке бара албай калды, канча жаран жумушка жетише албай, кечинде жөө калгандар болду. Кимдер иш таштады эле? Иш таштаган кичи автобус айдагандар иштеп жатабы же иштебей калдыбы?», — деп суроо салды депутат.

Жыйынга катышкан Транспорт департаментинин директору Максат Нусубалиевдин айтымында, митингге чыккандар ишин улантып келе жатышат.

«Ак акция алдын ала сүйлөшүлүп, пландаштырылып уюштурулган. Тийиштүү органдарда так маалымат бар», — деди ал.

Андан соң Икрамов аларга иш козголду беле деген суроо узатты.

«Иш козголгону тууралуу менде маалымат жок. Бирок аларды чакырып, сүйлөшүп, тартипке келтирүү боюнча иштер жүргүзүлгөн. Ал айрым жүргүнчү ташыган фирма ээлери менен айдоочулар уюшуп жасаган акция болгон», — деди Нусубалиев.

Анын жообунан кийин депутат былтыр иш таштаган жүргүнчү ташыган фирмаларга иш козгоо керектигин билдирди.

Эскерте кетсек, кичи автобустардын айдоочулары былтыр кышында жана жайында ишке чыкпай, жол кирени көтөрүүнү талап кылып митингге чыгышкан. Ага байланыштуу былтыр күзүндө жол кире 10 сомдон 15 сомго көтөрүлгөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>