Мас абалында унаа башкарган милиционерлер иштен бошотулат

Мас абалында унаа башкарган милиционерлер иштен бошотулат

Мас абалында кызматтык унаада жүргөн ички иштер кызматкерлери иштен бошотулат. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын туристтик — экологиялык взводунун кызматкери, милициянын подполковниги М.Т. жана милициянын улук лейтенанты Н.у.А. тартылган видео боюнча ички иликтөө жүрдү. Анын жыйынтыгында экөө тең ички иштер органдарынын катарынан чыгаруу чечими кабыл алынды.

Андан сырткары, кол алдындагы кызматкерлердин ишине жетиштүү көзөмөл жүргүзө албагандыгы үчүн туристтик — экологиялык взводдун командири дагы ээлеген кызматынан бошотулуп, Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын жана Тоң районунун ички иштер башкармалыгынын бир катар биринчи жетекчилери катуу тартиптик жоопкерчиликке тартылды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>