Камчы Көлбаевди кармоо операциясы (фоторепортаж)

Камчы Көлбаевди кармоо операциясы (фоторепортаж)

Бишкекте «Учкун» ишканасынын имаратынын капталындагы  Blonder Pub кафесинен  (Кулатов жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде) курчоо алынган жок. Ал жерде дагы эле УКМК атайын багыттагы кызматкерлери жана техникасы турат.

Белгилей кетсек, күбөлөрдүн айтымында, бүгүн саат 15.00гө жакын имарат курчоого алынып, ок атылган. Күч органдарындагы өздүк булактар УКМК кримтөбөл Камчы Көлбаевди кармоо операциясын жүргүзүп жатканын кабарлашкан. Коопсуздук кызматы операция жүрүп жатканын ырастап, андан башка маалымат бере элек.

Окуя болгон жерге саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, башкы прокурор Курманкул Зулушев жана ички иштер министринин орун басары Эркинбек Аширходжаев келип кетишти. Министрдин орун басары журналисттерге комментарий берүүдөн баш тартты.

Айрым маалымат булактары Камчы Көлбаевдин кармалганын, атайын бөлүктүн кызматкеринин жаракат алганын жазышууда.

Тез жардам кызматынын үч унаасы келип, дарыгерлер имараттын ичине кирип кеткени маалым.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>