Касым-Жомарт Токаев Орусияны ТМУга кабыл алууну сунуштадыКырсык себеп болгон: Бишкек мэриясы жаңы каптаманын бузулушунун себебин атадыКыргызстанда трансчек аралык кагазсыз соода боюнча Улуттук жол картасы иштелип чыктыКылмыштуу активдерди кайтаруу жана ачыктык: Башкы прокуратура Бакудагы жыйындаСадыр Жапаров геосаясий өзгөрүүлөрдүн шартында ТМУнун ролу өсүп жатканын билдирдиЖАМКнын тергөөчүсү 100 миң сом талап кылууга шектелип кармалды
Ысык-Көлдө тургун эки мас милиционерди видеого тартып алган
04.10.2023 | 15:44
Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери арак ичип, кызматтык унаасын башкарып жүргөн. Бул тууралуу милиция кызматкерлерин видеого тартып алган жергиликтүү тургун билдирди.
Анын айтымында, видео Бөкөнбаев айылында тартылган. Мас болгон кызматкерлер экологиялык милицияда иштешет. Жаран видеого тартып жатканда милиция кызматкерлери унаасына отуруп, мас абалында унаасын айдап кетип калышкан.
Бул окуя боюнча Reporter.kg’ге облустук милициядан комментарий берип, видеодогу мас деп айтылып жаткан эки адам милиция кызматкери экенин ырастады. Ошондой эле бул факт боюнча ички иликтөө кызматы кызматтык иликтөө баштаганын, анын жыйынтыгы менен тиешелүү чаралар көрүлөрүн билдирди.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом