Мас элем. Ошто үйдөн ок чыгарган жигит көрсөтмө берди — видео

Мас элем. Ошто үйдөн ок чыгарган жигит көрсөтмө берди — видео

Ошто көп кабаттуу үйдүн терезесинен тапанчадан ок чыгарган жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясы маалымдады.

Маалыматка караганда, 23-август күнү интернет булактарында белгисиз жарандын көп кабаттуу үйдүн терезеси аркылуу тапанчадан ок чыгарган видеосу жарыяланган. Ал баланын өздүгүн жана кайсы жерден аткандыгын аныктоо боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги тарабынан ыкчам кызматкерлерге тапшырма берилген.

Натыйжада Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн кызматкерлери баланын өздүгүн аныктап, 25-августта милиция бөлүмүнө алынып келинди. Ал Кара-Суу районунун 2001-жылы туулган тургуну, туруктуу иштеген жери жок А.уулу Б. болуп чыкты.

«Быйыл январь айынын аяктарында Ош шаарындагы ХБК (Манас-Ата кичи району) тараптан көп кабаттуу үйдөн бир батирди  суткага алып, досторум менен көңүл ачып отурганбыз. Мас элем. Анан менин жанымда сигналдык тапанча бар эле. Ошону алып терезеден аттым. Анан ал видеону 23-августта инстаграм  баракчама жүктөгөн элем.  Ал жерден башка адамдар алып таратып жиберишиптир. Туура эмес кылдым. Кечирим сурайм», — деп билдирди ал өзүнүн көрсөтмөсүндө.

Ал эми сигналдык тапанчаны Бишкек шаарынан мергенчилердин атайын дүкөнүнөн сатып алгандыгын, сатып алуу үчүн эч кандай уруксат кагаздын кереги жок экендигин билдирген.  Учурда далил буюм катары тапанча алынды, ал эми кармалган жаран А.уулу Б.нын аракеттерине юридикалык баа берүү үчүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>