Бишкекте массалык уулануудан кийин 10 тез тамактануучу жай жабылды

Бишкекте массалык уулануудан кийин 10 тез тамактануучу жай жабылды

Бишкекте массалык уулануудан кийин тез тамактануучу жайлар текшерилип, 2 күндө 10 соода түйүнү жабылды. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Кубан Кундашев билдирди.

Анын айтымында, 2 күндө 37 тез тамактануучу жай текшерилген. Белгиленген санитардык бузуулар боюнча 36 протокол түзүлүп, жалпы суммасы 568 миң сомдук айып салуу боюнча 36 токтом чыгарылган.

Ошондой эле, аныкталган мыйзам бузуулар четтетилгенге чейин 10 объектинин ишин токтотуу (жабуу) боюнча буйрук даярдалган.

Алар:

— “Нарын+” Сүйүмбаев көчөсү, 123/3;

— «Талас» Сүйүмбаев көчөсү, 123/3;

— «Да Бро» Т.Айтматов көчөсү, 56/10;

— «Казан Шаверма» Т.Айтматов көчөсү, 56/10;

— Табачная көчөсү, 14 дарегиндеги өндүрүштүк цех;

— «Балык экмек», Чүй проспектиси, 158;

— «Хештек лагман» Чүй проспектиси 150;

— «BFC»,  Чүй проспектиси, 146;

— Токтогул көчөсүндөгү “Оазис”, 87 “а”;

— Point B, Горький көчөсү, 126.

Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги массалык уулануудан кийин Бишкек шаарындагы “Беш лаваш” жана “Мидоста” тез тамактануучу жайларды пландан тышкаркы текшерүү боюнча буйрук чыгарган. Алар Чүй проспектиси менен Сүйүнбаев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>