Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Матраимов Ошко жаңы аэропорт курууну сунуштады
06.10.2022 | 15:43
Бүгүн, 6-октябрда Жогорку Кеңештин жыйында депутат Искендер Матраимов Ош шаарында жаңы аэропорт салууну сунуштады.
Матраимовдун айтымында, ал бул маселе боюнча министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго кайрылган.
“Бүгүнкү күнү “Ош эл аралык аэрпорту” учактардын агымын көтөрө албай жатат. Төрт-беш жылдан бери Ошко аэропорт куруу боюнча маселени көтөрүп жүрөм. 500 гектар кайракы жер бар”, – деди ал.
Ал белгилегендей, аэропортту инвесторго курдуруп, аны 25-30 жылга аларга иштеткенге берүүгө болот.
“Ал жер хаб болуп калабы деп ойлоп жатам. Инвесторду табууга болот. Аэропортту кургандан кийин, аны аларга 25-30 жылга берсе болот”, – деди ал.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом