Көк бөрү боюнча финалдар жана көчөлөрдүн жабылышы: Бишкекте 6-сентябрга карата иш-чаралардын тартибиКөк бөрү боюнча финалдар жана Көчмөндөр оюндарынын жабылышы: Кыргызстан боюнча фан-аймактардын даректери«60 млн доллар эмес»: Аскат Алагозов «Бишкек Аренанын» баасы тууралуу имиштерди төгүндөдүДүйнөлүк көчмөндөр оюндарында балбандар таймашы: Ирандык спортчу стронгмэн боюнча чемпион болдуБакыт Сыдыков Кыргызстан санкциялык тобокелдиктер менен кантип күрөшүп жатканын айтып бердиКырчындагы этношаарча санитардык күнгө жабылат: иштөө тартиби жана шаттлдардын токтотулушу
Матраимовдор “24.kg” сайтына койгон доосунан баш тартты
27.01.2020 | 15:46
Бүгүн, 27-январда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов “24.kg” сайтына койгон доосунан баш тартты. Бул тууралуу Матраимовдордун жактоочусу Канатбек Азиз Facebokтагы баракчасына жазып чыкты.
Жактоочу жарыялаган маалыматта 24.kg агенттиги төгүндөө жарыялагандыгына байланыштуу моралдык чыгым үчүн коюлган 15 млн. сомдон баш тартышканы жазылган.

Эскерте кетсек, Матраимовдордун үй-бүлөсү «Азаттык» радиосун, кабарчы Али Токтакуновду, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарын 9-декабрда сотко берип, жалпы өлчөмү 60 миллион сомдук доо койгон.
Анда аталган маалымат каражаттары «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетиргени» белгиленип, моралдык чыгым өндүрүү жөнүндө талап коюлган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат