«Майлуу-Суу лампа заводу» менен «Хайдаркан сымап комбинатына» инвестиция тартылат

18.09.2026 | 12:48
«Майлуу-Суу лампа заводу» менен «Хайдаркан сымап комбинатына» инвестиция тартылат — Новости Кыргызстана

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев «Майлуу-Суу лампа заводу» жана «Хайдаркан сымап комбинаты» ишканаларына инвесторлорду тартуу, өндүрүштү модернизациялоо жана жумуш орундарын сактоо боюнча мамлекеттик органдарга тапшырмаларды берди. Бул тууралуу ал бүгүн, 18-сентябрда, өткөн кеңешмеде айтты.

Жыйында ошондой эле «Майлуу-Суу лампа заводу» боюнча кабыл алынган чечимдердин аткарылышы каралды. Анын ичинде Президенттин фондунан каражат бөлүү, ишкананын уставдык капиталын көбөйтүү жана ишкананын базасында индустриалдык парк түзүү боюнча иштердин жүрүшү боюнча отчет угулду.

Ошондой эле сымап, сурьма жана флюориттин запастарына ээ болгон «Хайдаркан сымап комбинатынын» өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн калыбына келтирүү чаралары талкууланды.

Министрлер кабинетинин төрагасы өндүрүштү модернизациялоону тездетүү, ишканалардын финансылык-экономикалык абалын жакшыртуу жана алардын рентабелдүү ишин камсыз кылуу боюнча тиешелүү органдарга милдеттерди койду.

Scroll to Top