Алагозов: президент окуу китептердин жетишсиздигин толук жоюу үчүн 7 млрд сом бөлөт

Өлкө башчы Садыр Жапаров мектептердеги окуу китептеринин жетишсиздигин толук жоюу үчүн кошумча 7 млрд сом бөлүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов билдирди.
Алагозовдун айтымында, буга чейин китеп басып чыгарууга жылына орточо 100 млн сом каралса, соңку эки жылда 1,3 млрд сомдон ашык каражат бөлүнүп, 9,6 миллиондон ашык китеп басылган. Бирок 12 жылдык билим берүүгө өтүү, программалардын өзгөрүшү жана окуучулардын санынын өсүшү менен китептердин жетишсиздиги сакталып калган.
Басма сөз катчы президент каражат бөлгөндөн кийин «Учкун» ишканасынын өндүрүштүк кубаттуулугу жетишсиз болсо, өлкөдөгү башка басмаканалар ишке тартыларын белгиледи. Ошондой эле китептердин жетишсиздиги боюнча так маалымат берилиши керектигин билдирди.
"Агартуу министрлиги мындан ары жалпы сандар менен гана отчёт бербеши керек. Ар бир мектеп боюнча кайсы предметтен канча китеп берилгени, канчасы жетишпей жатканы жана жетишпеген китептер качан басылып, качан жеткирилери тууралуу маалымат министрликтин сайтында ачык жарыялануусу зарыл",-деди ал.
Белгилей кетсек, азыркы тапта коомчулукта мектептерде окуу китептеринин жетишсиздиги чоң талкуу жаратууда. Талкууга мектептерде жетишсиз болуп жаткан окуу китептер базарларда сатылып жатат делген маалыматтар да түрткү болду. Буга чейин Министрлер кабинети тиешелүү органдарга базарларда текшерүү жүргүзүү боюнча тапшырма берилгенин, анын жыйынтыгында чаралар көрүлөрүн билдирген.