Мбаппе дүйнө чемпионатынын мыкты бомбардири болду

Мбаппе дүйнө чемпионатынын мыкты бомбардири болду

Франция курама командасынын чабуулчусу Килиан Мбаппе Катарда өткөн дүйнө чемпиондугунун мыкты бомбардири аталды, деп билдирет Lenta.ru басылмасы.

Француз оюнчусу жети беттеште сегиз гол киргизген (экөө пенальтиден). 23 жаштагы чабуулчунун дагы эки ассистенти бар.

Мбаппе Аргентинага каршы дүйнөлүк чемпионаттын финалында хет-трик жасаган. Ал эки голду пенальтиден киргизген. Лионель Месси финалда дубль жасаганына карабай экинчи болду. 35 жаштагы аргентиналык футболчу 7 матчта жети гол киргизген (төртөө пенальтиден).

Сыйлыкка татыгандар:

— Энцо Фернандес (Аргентина) турнирдин эң мыкты жаш оюнчусу.

— Эмилиано Мартинес (Аргентина) турнирдин мыкты дарбазачысы.

— Лионель Месси (Аргентина) турнирдин мыкты оюнчусу.

Эске салсак, Аргентина курама командасы финалда Франция курамасын утуп, тарыхта үчүнчү ирет дүйнө чемпиондугун утуп алган.

Франциялык футбол клубу Мбаппени 300-350 млн еврого сатууга даяр

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>