Окуучулардын медициналык маалым каттары санарип форматка өткөрүлдү

08.09.2026 | 11:43
Окуучулардын медициналык маалым каттары санарип форматка өткөрүлдү — Новости Кыргызстана

Окуучулардын 095/у формасындагы медициналык маалым каты жана 026/у формасындагы алдын алуу медициналык кароо картасы электрондук форматка өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда, Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев «Өкмөттүк акселераторлор» программасынын алкагында ишке ашырылган реформалардын жыйынтыгын чыгарып жатып билдирди.

Өкмөт башчынын айтымында, мурда бул документтер кагаз түрүндө таризделип, саламаттык сактоо жана билим берүү уюмдарынын ортосунда кол менен өткөрүлүп келген. Жаңы механизмге ылайык, медицина кызматкери маалым каттарды «Sanarip Clinic» системасы аркылуу электрондук түрдө түзөт. Маалыматтар билим берүү уюмдарына электрондук түрдө жөнөтүлөт жана ата-энелер үчүн «Түндүк» мобилдик тиркемесинде жеткиликтүү болот.

Бул реформа саламаттык сактоо жана билим берүү системаларынын ортосундагы кагаз жүгүртүүнү жана административдик жүктү кыскартат. Маалыматтардын бирдиктүү массиви түзүлгөндүктөн, окуучулардын ооруга чалдыгуусу боюнча мониторинг жүргүзүүгө жана башкаруу чечимдерин кабыл алууга шарт түзүлдү.

Scroll to Top