Мээ рагына чалдыккан 3 жаштагы Маликанын үй-бүлөсү кызынын дарылануусуна акча чогултуу үчүн кыргызстандыктардан жардам сурайт.
Маликанын апасы Перизаада Арсланбекованын айтымында, кызы жарым жылдан бери рак менен күрөшүп келе жатат. 2024-жылы августта кызынын башы ооруп, абалы начарлай баштаган. Алар кызын Бишкектеги бардык ооруканаларга көрсөтүп чыгышкан. 3-сентябрда кызынын мээсинде чоң шишик бар экенин жана жүлүн суусу (гидроцефалия) толгонун билишкен.
Ошондон кийин дароо операция жасалып, алгач шунт орнотулган. Андан соң шишикти алуу үчүн эки операция жасалган. Арадан 4 ай өткөндөн кийин кызынын баш ооруганы кайра башталып, абалы начарлаган. 28-февралда шишикти алуу үчүн дагы бир операция жасалган.
Текшерүүдөн кийин дарыгерлер мээ рагы (4-даражадагы медуллобластома) деген диагноз койгон. Рактын агрессивдүү формасы.
Кызынын өмүрүн сактап калуу үчүн чет өлкөдө дарылануу керектигин, ал кымбат турарын айткан эне кайдыгер эмес жарандардан жардам сурайт. Ал кайдыгер эмес адамдар жардам берет деп үмүт кылат.
«Азыр кызыбыз дарыланып жатат. Дарыланууну чет өлкөдө улантуу үчүн бизге акчалай жардам керек. Баарыңыздардан бизге жардам берүүнү суранам», — дейт кыздын апасы.
Азырынча дарыланууга канча каражат кетери белгисиз, бирок кыздын ата-энеси болжол менен 100-130 миң доллар кетет деп жатышат.
Маликанын дарылануусуна жардам берүүнү каалаган жарандар төмөнкү реквизиттерге акча которо алышат:
Мбанк: +996 552472569 Перизаада А. (апасы)
Мбанк: +996 551472569 Азиз А. (атасы)
О деньги!: +996 503472569 (Абдурахманов Азиз)
Сбербанк: +7 926 073-60-16 Tazagul Iminzhanova