Саламаттык сактоо министрлиги гемодиализ кызматтарын көрсөтүүдөгү мыйзам бузуулар боюнча ишке комментарий берди

Саламаттык сактоо министрлиги бюджеттик программалык гемодиализ кызматтарын көрсөтүүдө аныкталган мүмкүн болгон мыйзам бузуулар боюнча козголгон кылмыш ишине комментарий берди. Бир күн мурда Башкы прокуратура медициналык документтерге жана «Гемодиализ» автоматташтырылган маалыматтык системасына жалган маалыматтар киргизилгенин, анын ичинде каза болгон бейтаптарга жана өлкөдөн тышкары жүргөн жарандарга процедуралар катталганын, ошондой эле башка мыйзам бузуулар аныкталганын билдирген. Көзөмөл органынын маалыматы боюнча, мамлекетке келтирилген зыян 226 миллион 967 миң сомду түзгөн.
Саламаттык сактоо министрлиги кылмыш ишин иликтөөдө укук коргоо органдарына толук көмөк көрсөтүп жатканын жана өзүнүн компетенциясынын алкагында тергөөгө бардык зарыл маалыматтарды берип жатканын билдирди.
«Саламаттык сактоо министрлиги бюджеттик каражаттарды ачык-айкын пайдаланууну, мыйзамдардын так сакталышын жана медициналык жардамдын сапатын үзгүлтүксүз жогорулатууну колдойт», — деп белгилешти министрликтен.
Министрликтин маалыматына ылайык, учурда бюджеттик программалык гемодиализди 4 миң 714 бейтап алууда. Ар бир бейтап жумасына үч жолу процедурадан өтөт, бир сеанстын баасы 6 миң 500 сомду түзөт.
Ведомстводо түшүндүрүшкөндөй, бейтаптар программага медициналык көрсөткүчтөрдүн негизинде гана киргизилет. Арыздарды атайын комиссия жума сайын карап чыгып, орточо эсеп менен 15тен 25ке чейин жаңы кайрылууну кабыл алат. Министрликтин маалыматына караганда, акыркы бир нече жылдан бери бюджеттик гемодиализ алуу боюнча кезек жок. Комиссиянын чечиминен кийин бейтап бирдиктүү маалымат базасына киргизилип, бош орун бар каалаган борбордон дарылана алат.
Министрлик медициналык кызматтардын сапатын көзөмөлдөө, бейтаптарды эсепке алуу жана мамлекеттик каражаттарды пайдалануу боюнча көзөмөлдү мындан ары да өркүндөтүүнү улантарын билдирди.
Буга чейин Башкы прокуратура бир катар кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин «Коррупция» жана «Шалаакылык» беренелери боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген. Учурда тергөө иштери уланууда.