Мээрим Жуманазарова Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алды

Мээрим Жуманазарова Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алды

Балбан кыз Мээрим Жуманазарова Бишкектеги Азиялык лицензиялык мелдеште Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алды.

Жуманазрова 68 кг салмакта күч сынашты.

Аталган мелдештин жарым финалында ал өзбекстандык Набира Эсенбава менен күрөшүп, 7:2 эсебинде жеңишке жетти. Бул жеңиши менен Жуманазарова Олимпиада оюндарына лицензия утуп алды.

Азиялык лицензиялык мелдеште спортчулар жарым финалга чейин гана күрөшөт, финалдык беттештер болбойт. Ар бир салмакта жарым финалда жеңүүчү болгон экиден балбанга Олимпиадага лицензия берилет.

Эскерте кетсек, учурда Кыргызстандын куржунунда Олимпиада оюндарына 8 жолдомо бар: грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков (60 кг), Акжол Махмудов (77 кг), кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова (62 кг), Айпери Медет кызы (76 кг), Мээрим Жуманазарова (68 кг), сууда сүзүүдөн Денис Петрашов, эркин күрөштөн Бекзат Алмаз уулу (57 кг) жана Эрназар Акматалиев (74 кг).

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>