MEGA’нын мурдагы директору Азат Базаркулов СИЗОго камалды

MEGA’нын мурдагы директору Азат Базаркулов СИЗОго камалды

MEGA’нын («Альфа Телеком» ЖАК) мурдагы директору Азат Базаркулов 9-августка чейин камакка алынды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Маалым болгондой, Базаркуловдун бөгөт чарасы 27-июнда каралып, сот аны камакка алуу тууралуу чечим кабыл алган. Ал УКМКнын тергөө абагында камакта болот.

Эскерте кетсек, Азат Базаркулов Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренесинин 4-бөлүгү (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу) боюнча шектелип кармалган. УКМК билдиргендей, Базаркулов MEGA’ны жетектеп турганда сатып алуулар системасында мыйзам бузуу фактылары болгон.

«Иштин жүрүшүндө тиешелүү экспертизалар дайындалып, сатылып алынган техниканын баасы жогорулатылганы, анын натыйжасында мамлекетке миллиондогон зыян келтирилгени ачыкталган», — деп билдирген УКМК

MEGA’нын мурдагы директору Азат Базаркулов кармалды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>