Жалал-Абадда мыйзамсыз иштеп жаткан 60 мечит аныкталды

Жалал-Абадда мыйзамсыз иштеп жаткан 60 мечит аныкталды

Жалал-Абад облусунда мыйзамсыз иштеп жаткан 60 мечит аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, облуста мыйзамсыз иштеп жаткан мечиттердин ишин текшерүү үчүн УКМКнын демилгеси менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ички иштер башкармалыгынын, «Кадастр» мекемесинин, ӨКМ, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жана муфтияттын кызматкерлеринен турган атайын комиссия түзүлгөн.

Комиссиянын ишинин жүрүшүндө Дин иштери боюнча комиссия жана муфтияттын каттоосунан өтпөгөн 60 мечит аныкталган. Райондор жана шаарлар боюнча алганда, Сузакта — 33, Базар-Коргондо — 2, Ноокенде – 5, Аксыда – 3, Чаткалда – 5, Токтогулда – 1, Тогуз-Тородо – 7, Жалал-Абадда – 3, Майлуу-Сууда 1 мечит мыйзамсыз иштеп жатканы белгилүү болгон.

«Атайын комиссиянын ишинин жыйынтыгында 11 мечит КМДБдан (муфтият) жана ДИМКдан каттоодон өтүү үчүн тиешелүү документтерин даярдады. “Кыргызстандагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзамына ылайык, ведомстволор аралык комиссия тарабынан 49 мечитке аларды КМДБ жана ДИМК каттоодон өткөрүү маселесин чечүү боюнча сунуштар берилди», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, мыйзамсыз иштеп жаткан мечиттер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, архитектуранын, КМДБнын макулдугусуз өз алдынча, «Кыргызстандагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» мыйзамдын 10-беренесинин 1-бөлүгүн (Диний уюм дин иштери боюнча мамлекеттик орган тарабынан берилген каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүк берилген учурдан тартып диний иш жүргүзүү укугуна ээ болот) бузуу менен курулган.

Атайын комиссиянын чечимине ылайык, мындан ары жергиликтүү өз алдынча башкаруу, архитектуранын, КМДБнын жана ДИМКнын тиешелүү органдары жаңы мечиттердин курулушун жана алардын мындан аркы каттоосун көзөмөлгө алат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>