“Мекеним Кыргызстандан” талапкер болгон мурдагы вице-мэр кармалды

“Мекеним Кыргызстандан” талапкер болгон мурдагы вице-мэр кармалды

Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка караганда, 29-декабрда Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу жана ысырап кылуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри, турак жай-коммуналдык чарба жаатын тейлеген «A.M.K.» аттуу адам кармалган. 

УКМК жергиликтүү кызматтардагы коррупциялык иштерди алдын алуу жана жок кылуу боюнча иш алып барып жатып, Бишкек шаарынын мэриясында жана «Бишкекасфальтсервис» ишканасындагы коррупциялык схеманы аныктаган. 

Анда вице-мэр «A.M.K.» өзү көзөмөлдөгөн компанияларды колдонуу менен  шаардагы жолдорду оңдоо жана куруу боюнча мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө коррупциялык аракеттерди жүргүзүп келгени белгилүү болгон. 

Шектүү көзөмөлдөгөн компаниялар 2015-жылдан 2019-жылга чейин 100 миллион сомдон ашуун каражатка мэриядан буйрутмаларды алган.

Бирок шаар бийлиги  каражаттарды өз убагында бергенине карабастан аталган компаниялар жумуштарын толук аткарган эмес.

Кечээ, 29-декабрда соттук иштин алкагында мурдагы вице-мэр кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 

Учурда бул ишке тиешеси бар башка да Бишкек мэриясынын кызматкерлери боюнча териштирүүлөр жүрүүдө. 

Өздүк булактардын кабарлашынча бул кармалган адам мурда «Бишкасфальтсервис» ишканасын жетектеген,  2019-жылы Бишкек шаарынын турак жай-коммуналдык чарба иштери боюнча вице-мэри болуп дайындалган Амантуров Мирлан Казылаевич. 

Ал октябрдагы парламенттик шайлоодо «Мекеним Кыргызстан» партиясынан 41 катарда талапкер болуп шайлоого да катышкан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>