Бишкекте ар дем алыш күндөрү азык-түлүк жарманкелери өткөрүлөтМамлекеттик банктар санкциялык тобокелдиги бар 284 ишкана менен кызматташууну токтотту«Тамчы» СФИТи Гонконгдо NextFinance демилгесин тааныштырдыТоварлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын турукташтырууга 36,6 млрд сом талап кылынатМанас шаарынын 149 жылдыгы белгилендиӨлкөдө күн ачык болот: 6-ноябрга карата аба ырайынын божомолу
Мектеп окуучулары 8-ноябрда каникулга чыгат
02.11.2021 | 17:55
Кыргызстандын мектептеринде күзгү каникул 8-ноябрдан 14-ноябрга чейин созулат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
2021-2022-окуу жылында мектеп окуучуларынын каникул убактысы беш күндүк окуу жумасын эске алуу менен 29 календардык күндү түзөт.
Күзгү каникул – 7 күн: 8-ноябрдан 14-ноябрга чейин;
Кышкы каникул – 12 күн: 31-декабрдан 11-январга чейин;
Жазгы каникул – 10 күн: 21-марттан 30-мартка чейин;
Биринчи класстын окуучулары үчүн үчүнчү чейректе жума сайын кошумча каникулдар белгиленет.
Министрлик быйылкы окуу жылында жеке жана мамлекеттик мектептерде окуу сабактары 2022-жылдын 8-июнунда аяктай турганын эскертти.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом