Көмүрдү жогору баада саткандарга 17 миң сом айып салынат

Көмүрдү жогору баада саткандарга 17 миң сом айып салынат

Монополияга каршы мамлекеттик агенттик көмүрдүн баасын жөнгө салуунун алкагында 19 кампага жазуу түрүндө эскертүү берди. Бул көмүр кампалары кара алтынды жогору баада сатып жаткан. 

Жалпысынан башкармалыктын кызматкерлери тарабынан 368 чарбалык субъектилерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Дагы 264 адамга монополияга каршы мыйзамдардын талаптарын сактоо боюнча эскертүүлөр берилген. Ошол эле учурда мыйзам бузуулар кайрадан аныкталса, 17 миң сом айып салынышы мүмкүн экендиги белгиленүүдө.

«Рейддин жыйынтыгында жолдордо көмүрдү ташып келүүгө патенти бар, бирок сатууга уруксаты жок адамдар сатып жатканы белгилүү болду. Биз максималдуу бааларды койдук. Учурда Мамлекеттик салык кызматы жана мэрия менен биргеликте рейддерди жүргүзүп жатабыз», — деди Монополияга каршы мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Жейналы Оросбаев.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>