Кемпир-Абад иши: Сотко камалгандар алынып келинген жок

Кемпир-Абад иши: Сотко камалгандар алынып келинген жок

Бүгүн Биринчи май райондук сотунда  Кемпир-Абад ишине байланыштуу  соттук териштирүүнүн кезектеги жыйыны өтүүдө.

Айыпталуучулардын жакындары жараянды ачык өткөрүү талабы менен митингге чыгышты. Алар саясый куугунтукту токтотуп, ишти калыс кароону жана кармалгандарды бошотууну талап кылат.

Активист Рита Карасартованын айтымында, сот залында техникалык камсыздоо жок.  Сот айыптоочуларсыз өтүп жаткандыктан, жактоочулар сотко ишенбестик көрсөтүштү. Ага карабай, судья Марат Сыдыков 11 адамды сот аяктаганга чейин териштирүүдөн четтетти.

Эскерте кетсек, 2022-жылы 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынган.  Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Аталган иш боюнча айыпталып жаткан 25 адамдын 11  камакта. Калганын бөгөт чарасы үй камагына өзгөртүлгөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>