Мектептен чыгып кеткен бойдон дайынсыз. Жалал-Абадда 14 жаштагы Айбийке изделүүдө

Мектептен чыгып кеткен бойдон дайынсыз. Жалал-Абадда 14 жаштагы Айбийке изделүүдө

Жалал-Абад шаарында дайынсыз болуп жаткан 14 жаштагы Айбийке Орозмаматова изделүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Айбийке Орозмаматова 26-февралда саат 12:10 чамасында №9 Р. Санатбаев атындагы мектептен окуудан чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.

Учурда Айбийке Орозмаматованын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыктан, туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Белгилери: бою 155-160 см, кашы, көзү, чачы кара узун, ак жуумал, орто дене түзүлүштө.

Кийген кийимдери: Кара түстөгү куртка, кара өңдөгү юбка, кара түстөгү бут кийим болгон.

Милиция дайынсыз болуп жаткан Айбийке Орозмаматованы көргөндөр болсо, 102, (03722) 5-28-31, 0553 78 00 78 же 0771 93 60 70 номерлеринин бирине кабар берүүсүн суранат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>