Парламенттин дагы бир депутаты мандатынан айрылышы мүмкүн

Парламенттин дагы бир депутаты мандатынан айрылышы мүмкүн

Бишкек шаардык соту 2021-жылы парламенттик шайлоодо Талас шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарды.

Сот ордо калаанын мурдагы мэри Эмилбек Абдыкадыровдун доосун канааттандырып, Боршайкомго аталган округ боюнча чечимин жокко чыгарууну жана депутат Бакыт Чойбековдун мандатын кайтарып алууну тапшырды.

Эмилбек Абдыкадыров шайлоодогу атаандашын добуш сатып алууга айыптаган.

Аталган округдан Муктарбек Айткулов, Айбек Бузурманкулов, Төрөкан Жунусбеков, Таалайбек Айталиев, Бактыбек Чойбеков, Эмилбек Абдыкадыров, Эсен Сариев, Токтоналы Нусубалиев ат салышкан.

Белгилей кетсек, VII чакырылыштын 7 депутаты ар кандай себептерден улам мандатын тапшырды: Өмүрбек Бакиров, Фархат Исмаилов, Фарходбек Алимжанов, Искендер Матраимов, Абдыбахаб Боронбаев, Эмилбек Жамгырчиев жана Нурлан Ражабалиев.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>