Мектептерге акча чогултууга тыюу салуу жөнүндө буйрук чыкты

Мектептерге акча чогултууга тыюу салуу жөнүндө буйрук чыкты

Билим жана илим министрлигинин мектептерде мыйзамсыз акча каражаттарын чогултууга тыюу салуу жөнүндө буйругу чыкты. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев 2023-жылдын 1-июнунда №3363/1 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарында мыйзамсыз акча каражаттарын чогултууга тыюу салуу жөнүндө” буйрукка кол койду.

Буйрукта төмөнкүлөргө тыюу салынат:

— мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын 1-11-класстарынын окуучуларынын ата-энелеринен (мыйзамдуу өкүлдөрүнөн) мыйзамсыз акча каражатын чогултууга;

— мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын алдында коомдук фонддорду жана башка коммерциялык эмес уюмдарды түзүүгө.

Ошондой эле жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери, административдик кызматкерлери, мугалимдери тарабынан мыйзамсыз акча каражаттарын өндүрүү, же окуучуларга жана алардын ата-энелерине (мыйзамдуу өкүлдөрүнө) моралдык-психологиялык кысым көрсөтүү боюнча аныкталган фактылар боюнча күнөөлүү жакты ээлеген кызматынан бошотууга чейинки тартиптик жаза чараларын көрүү каралган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>