Мелис Аспековдун иниси Азамат алдамчылыкка шектелип кармалды

Мелис Аспековдун иниси Азамат алдамчылыкка шектелип кармалды

Алдамчылыкка шектелип Азамат Аспеков кармалды. Бул туурасында Бишкек шаарынын Свердлов райондук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын А.Т. аттуу тургуну А.А. аттуу чала тааныш жаранга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Анда «Сары-Өзөн» базарынан ири жер тилкесин алып берем деген шылтоо менен ишенимге кирип, президент менен түздөн-түз байланышым бар деген шылтоо менен 44 миң доллар өлчөмүндөгү каражаттын алып, убадасын аткарбай, белгисиз тарапка качып кеткен.

Аталган факты жергиликтүү милиция тарабынан «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары 30 жаштагы жаран кармалган. Бишкек шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди

Айрам маалыматтарга караганда, ал камактагы активист Мелис Аспековдун иниси Азамат Аспеков.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>