Жапаров: Балык чарбаларын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа керек

Жапаров: Балык чарбаларын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа керек

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ысык-Ата жана Панфилов райондорунда жайгашкан балык чарбаларынын иши менен таанышты. Бул туурасында өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, министрлер кабинетинин башчысы инкубациялык цехти, форель чабактарын өстүрүүчү бассейндерди жана балык питомнигинин башка бөлүктөрүн көрүп чыкты.

Ошондой эле ага форельден жасалган даяр продукция да көрсөтүлдү.

Балык чарбаларынын иши менен таанышуунун жүрүшүндө мамлекеттик органдардын жана бизнестин өкүлдөрү ата мекендик балык тармагын өнүктүрүүнүн көйгөйлөрүн жана келечегин талкуулашты.

Өндүрүүчүлөр бизнес жүргүзүүдө пайда болуп жаткан кыйынчылыктар жана аларды чечүү жолдору тууралуу айтып беришти.

Акылбек Жапаров жергиликтүү балык түрлөрүнүн санын жана осетр балыктарынын икраларын өндүрүүнү калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик программаларды иштеп чыгуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Буга катар Министрлер Кабинетинин башчысы «Аква сервис» компаниясынын өкүлдөрү тарабынан сунушталып жаткан сууда чарба жүргүзүү борборун түзүү боюнча долбоорлорду колдоорун билдирди, анда Жалал-Абад областындагы Токтогул суу сактагычынын бассейнинде балык чарбасын жүргүзүү жана осетр балыктарды өстүрүү боюнча окуулар өткөрүлөт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>